Кыргызстанда айдоочу күбөлүгүн жана унаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландалууда

Кыргызстанда айдоочу күбөлүгүн жана унаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган долбоор пилоттук негизде алгач Бишкекте башталат. Унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Электрондук документтер уюлдук тиркемелер аркылуу сунушталат, — дешти ведомстводон.