Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук капиталдык оңдоодон өтүүдө

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен оорукананын бир имараты толук оңдоодон өтүп,

экинчи корпусунда иштер жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, буга чейин медициналык

мекеменин эскилиги жетип калгандыктан коомчулук

тарабынан нааразычылыктар айтылып келген.