Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сомдон кошулушу күтүлөт

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сомдон кошулушу күтүлөт.

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, 810 сомду түзгөн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулуна 300 сомдон кошулат.

 

Каражат 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет. Пособиени жогорулатуу коронавирус кырдаалы жана өлкөдөгү азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу. Кыргызстанда “үй-булөгө көмөк” жөлөк пулу 314 миң түтүнгө берилет.