Кыргызстанда бүгүн Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө.
Символикалык датада никелерди каттоо мекемесинде 15 түгөй өздөрүнүн
мамилесин бекитишти, — дешти мамлекеттик каттоо кызматынан.
Ведомстводон белгилешкендей, өлкөдө 1-январдан 23-сентябрга чейин
25 миң 664 түгөй баш кошушту. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 миңге азыраак.