Акыркы 10 жылда популярдуу болгон уюлдук тиркемелер жарыяланды

Акыркы 10 жылда популярдуу болгон уюлдук тиркемелер жарыяланды. Белгилүү болгондой, эң көп көчүрүлгөн тиркемелердин сап башында Facebook, Facebook Messenger жана WhatsApp турат. Ошондой эле алдыңкы бештикке Инстаграм жана Snapchat да кирет.

 

Ал эми колдонуучулардын арасында эң белгилүү болгон оюн Kiloo компаниясы иштеп чыккан «Subway Surfers» оюну болгон. Экономикалык жактан эң кирешелүү болгон уюлдук  тиркемелердин рейтингинде  биринчи орунду «Netflix» сервиси алса, экинчи орунга «Tinder» таанышуу тиркемеси чыкты.