Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу Пекиндеги 2022-жылкы кышкы Олимпиадага билет сатууну токтотту.
Уюштуруучулар кабарлагандай, катуу санитардык эрежелерди аткарууга милдеттендирилген көрүүчүлөрдүн атайын тобу гана оюндарга киргизилет.
Ал эми чет өлкөлүк сүрөөнчүлөр Олимпиаданы жеринен көрө албайт. Оюндар 4-февралда башталат.