Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар

Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда билдирди.

  • БАЭ — 3 адам (бирөө айыгып чыккан);
  • Пакистан — 7 адам;
  • Индия — 1 адам;
  • Испания — 1 адам;
  • Малайзия — 4 адам (студенттер);
  • Казакстан — 3 адам;
  • РФ (Екатеринбург) — 4 адам. Экспресс-тест оң натыйжа көрсөткөн, бирок лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында алардан коронавирус табылган эмес.

Мындан тышкары, АКШда сегиз кыргызстандык жаран коронавирус жуктурууга шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды. Ушу тапта дүйнөнүн 42 мамлекетинде кыргызстандыктар бар.

Министрдин орун басарынын айтымында, дүйшөмбү күнү Екатеринбургдан чартердик каттам менен 17 кыргызстандык келгенин кошумчалады.

Андан сырткары, 6-апрель күнү Казакстандан жүк ташып иштеп коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандык алып келинди. Алар дарылануусун Кыргызстандан улантмакчы.