Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча келишим бекитилди

Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча келишим бекитилди.

Тиешелүү келишимди Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети жактырды.

Бул тууралуу Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын

орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди. Анын айтымында, экинчи гидроагрегаты

эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылайт. Буга чейин

1,4 миллион доллар бөлүнгөн. Бирок сумма айрым себептерден улам иштетилген эмес.

Аталган банк Кыргызстанга дагы 1,3 миллион доллар берет, — деди Кадырбаев.