Кыргызстанда тарыхта алгачкы ирет ирригациялык системаны оңдоо иштерине 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда тарыхта алгачкы ирет ирригациялык системаны оңдоо иштерине 1 миллиард сом бөлүндү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аталган сумма сугат тармактарын калыбына келтирүүгө

жумшалат. Муну менен ири көлөмдөгү сууну үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Белгилеп кетсек,

былтыр өлкөдө жаан-чачын нормадан төмөн болуп кургакчылык катталды. Адистер аба-ырайынын

шарттарынан улам быйыл дагы ушундай эле көрүнүш күтүлөрүн эскертишүүдө.