“Алтын тамга” сынагын кайра тапшыруу мүмкүн эмес. Окуучулар кайрадан тест тапшырат деген маалымат чындыкка дал келбейт, — дешти Билим берүү министрлигинен. Андан такташкандай, учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда.
Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат. Белгилеп кетсек, “Алтын тамга” тестине 2 миң 141 талапкер катышып, анын 80и гана билимин тастыктай алды.