Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республика боюнча буудайдын дүң жыйымы
42 пайызга, арпа 48,7 пайызга, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 6,5 пайызга жана
картошка 5 пайызга кыскарды. Дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө
жай мезгилиндеги аба-ырайынын жогорку температурасы жана
вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги себеп болду.