Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн жактырды.
Депутаттардын баары, тактап айтканда, 87си макулдугун берди.
Министрлер кабинетинин жаңы курамы төмөнкүчө:
— Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
— Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
— Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
— Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри — Руслан Казакбаев;
— Юстиция министри — Аяз Баетов;
— Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
— Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
— Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
— Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
— Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
— Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
— Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
— Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.