Бүгүн, кечки саат 6да парламенттик шайлоого катышууну каалаган бир мандаттуу
талапкерлерден билдирүүлөрдү кабыл алуу токтотулду. Ал эми жарышка катышуу
ниетин билдиргендер 18-октябрга чейин документтерин комиссияга тапшырууга тийиш.
Бул тууралуу БШКдан эскертишти. Бүгүн эртең мененки маалыматка ылайык,
депутаттыкка өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн саны 308ге жетти. Эске салсак,
шайлоо 28-ноябрда өтөт. Добуш берүү аралаш формада уюштурулат.