Бишкекте Ош базарынын аймагында муниципалдык базар пайда болот

Бишкекте Ош базарынын аймагында муниципалдык базар пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, Кулиев-Павлов көчөлөр кесилигинде жайгашкан тилке компанияга соода комплексин жана унаа токтотуучу жай курууга берилген.

 

Бирок уюм келишимдеги шарттарды аткарбай эле, контейнерлерди коюп алган. Андан кийин шаар бийлиги тилкени шаардын менчигине кайтарып, ал жерде муниципалдык базар ачууну чечти.