Кыргызстанда диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны азайды

Кыргызстанда диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны азайды.

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жарандардын 69 пайызга жакыны балдарын эмдөөдөн баш тартып келишкен.

Диний мекемелер менен тыгыз иштөөнүн аркасында бул көрсөткүч учурда дээрлик 20 пайызга кыскарды.