Кыргызстанда 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулууда.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, курулушту Ислам өнүктүрүү банкы каржылап жатат.
Учурда Баткен, Кадамжай, Жалал-Абад шаарларынын жана Ноокен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунда курулуш иштери аяктоо стадиясында.
Анын ачылышы июль айынын аягына чейин күтүлүүдө, — деди Касымбеков.
Белгилеп кетсек, аталган лабораториялар ПЦР боюнча коронавирустук инфекциянын жана башка инфекциялардын диагностикасын жүргүзүшөт.