Парламентте фейк аккаунттар менен күрөшүүнүн тартибин өзгөртүү сунушталды

Парламентте фейк аккаунттар менен күрөшүүнүн тартибин өзгөртүү сунушталды.

Депутаттар тобу “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкууга койду.

Документке ылайык, өзүнө карата жалган маалымат тараган адам басылманы алып салуу өтүнүчү менен сайттын же аккаунттун ээсине кайрылууга укуктуу.

Бирок, ал өзүнүн дооматын далилдеши керек.

Бул процедуралардын бардыгына үч күн берилет.

Баш тарткан учурда, арыз ээси өкмөт тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга кайрылса болот..

Эске салсак, мыйзамдын аткаруучусу болуп Маданият министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги саналат.