Австралияда учуучу электр унаалардын жарышы өттү

Австралияда учуучу электр унаалардын жарышы өттү.

Мелдеш учурунда машинелердин ичинде адамдар болгон жок.

Учкучтар унааларды аралыктан башкарышкан.

Трассанын узундугу болжол менен бир чакырымды түзүп, электр унаалары саатына 102 километрге чейин ылдамдыкта учушту.

Кийинки жарыштарды кабинада учкучтар менен бирге эки жылдан кийин өткөрүү пландалууда.