2064-жылы дүйнө калкынын саны 9 миллиард 700 миллионго жетет.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ошол эле учурда 2100-жылы дүйнө жүзүндө
жашоочулардын саны 8 миллиард 800 миллионго чейин төмөндөйт.
Бул кош бойлуулуктан сактануунун кеңири таралышы жана аялдардын
билим деңгээлинин жогорулашы менен байланыштуу. Белгилеп кетсек,
10-июлга карата дүйнө калкынын саны 7 миллиард 809 миллиондон ашты.