Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап жатат

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап жатат. Учурда анын куну 78 сом белгисинен ашты. Бишкектин акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны                77 сом 80 тыйындан сатып алып, кайра 78 сом 60 тыйынга сатышууда.

 

Муну менен ал бир суткада 50 тыйынга кымбаттады. Эске салсак, 74 сомго түшкөн доллардын куну өткөн жумада көтөрүлүп баштады. Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, 10 миллион доллардан ашык саткан.