Кыргызстан эл аралык донорлордон 321 миллион доллар алды

Кыргызстан эл аралык донорлордон 321 миллион доллар алды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

 

Анын айтымында, 7 каржы институту анын ичинде Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Евробирикме өлкөгө жалпысынан 627 миллион доллар бөлүп берүү ниетин билдирди. Бул сумманын дээрлик жарымын Кыргызстан алып койгон.

 

Башка каражаттар боюнча документтер макулдалышып жатат. Насыялардын шарттары ар кандай, төлөө мөөнөтү 10 жылдан  ашык.