Өкмөт медициналык каражаттарды каттоосуз ташууга уруксаат берди. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Мындай чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.