Баткенде чек ара чырынан жабыр тарткандарга 2 айдын ичинде турак жайлар курулуп берилет.
Тагыраагы, жаңжалда каза тапкан 36 адамдын ар биринин үй-бүлөсүнө үйлөр тургузула
баштады, — дешти өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн. Бул максатта шаардык мэрия
Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүп берди. Ар бир үй-бүлөгө алты сотых жер берилип,
ага төрт бөлмөлүү бардык шарты менен турак жайлар салынат. Аталган аймакта бала бакча жана
сейил бак дагы пайда болот. Иштерди курулуш компаниялардын бири жүргүзөт.