Электр энергиясынын тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турат

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди.

 

Тариф мындан ары бир жылда бир жолу өзгөртүлүп турат. Быйылкы жылга башка жогорулоо болбойт. Өнөр жай абоненттери үчүн өзүнчө коэффициенттер бар, ал такталат, — деди чиновник.

 

Эске салсак, 1-майдан тарта өлкөдө электр энергиясынын тарифи 30 пайызга жогорулады. Ага ылайык, калк үчүн бир киловатт саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сом болду. Эгер бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.