Дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине 198,5 млн сом бөлүндү

Быйыл дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине жалпысынан 198,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелерине 100 миллион, аталган министрликтин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматына 98,5 миллион сом берилди.

 

Белгилеп кетсек, каражат тармакка жыл сайын эле бөлүнөт. Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык, Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 миллион сом бөлүндү.