Бишкекте 5,5 миңден ашык абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте 5,5 миңден ашык абонент карыздын айынан электр жарыгысыз калышы мүмкүн.

Шаардык электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, бүгүн аралыктан өчүрүү болот.

Ыңгайсыздыктар болбошу үчүн жарандарга карыздарды өз убагында төлөө сунушталат.