7-майга карата коменданттык саатта 137 жаран кармалды

7-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 137 жаран жеткирилди.

 

Алар:

Бишкек шаары — 119;

Ош шаары — 4;

Жалал-Абад шаары — 4;

Ат-Башы району — 10.

Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди.

 

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4 миң 696 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4 миң 167си эркектер, 529у аял киши.

 

Алардын 3 миң 541ине эскертүү берилип, 1 миң 155 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп, айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 363 автоунаа атайын токтотуучу жайга киргизилди.