“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту дагы күзгү-кышкы графикке өттү.
“Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей,
учуулар 26-мартка чейин жаңы ырааттама боюнча тейленет.
Жаңы график Россиянын Москва, Екатеринбург жана Новосибирск
шаарларына болгон аба каттамдарга тиешелүү. Эске салсак, буга чейин
күзгү-кышкы графикке “Манас” жана Ош эл аралык аэропорттору өткөн.