Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө автобус каттамын ачуу пландалууда.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, иштер жай мезгилинде Ысык-Көлгө туристтердин
санын көбөйтүү максатында аткарылууда. Андан тышкары, Ташкент менен Тамчы айылынын
ортосундагы темир жол жана аба каттамдарын да улантуу маселеси талкууланды.
Сүйлөшүүлөр премьер-министр Улукбек Мариповдун Ташкентте өткөн расмий иш сапарынын алкагында өттү.
Эске салсак, Ташкент-Бишкек автобус каттамы бир нече жылдан бери аткарылууда.