Кыргызстанда эртең менен жана кечинде электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилет

Кыргызстанда эртең менен жана кечинде электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков парламентте жарыялады.

 

Анын айтымында, эртең мененки саат 6дан 9га чейин жана кечки 6дан 9га чейин электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү өтө жогору болуп жаткандыктан, энергияны үнөмдөө үчүн чаралар көрүлүп жатат.

 

Алсак,  аталган убакыт аралыгында 5 киловатт-сааттык чектөөлөр киргизилет. Керектөө бул көрсөткүчтөн ашып кетсе, абоненттин электр энергиясы автоматтык түрдө өчүрүлөт.