Америкалык адвокат онлайн отурум учурундагы видеосу үчүн интернет жылдызына айланды

Америкалык адвокат онлайн отурум учурундагы видеосу үчүн интернет жылдызына айланды. Ал Zoom конференциясына кичинекей мышыктын маскасы менен кошулду.

 

Аны өчүрө албай кыйналып, аягында сотту ал мышык эмес экенин, жактоочу экенин ишендирип баштады. Отурумдарды жарыялоого тыюу салынганына карабай, соттун төрагасы өзү видео менен бөлүштү. Аны бир нече миллион адам көрүүгө жетишти.