Өлкөдө пенсиянын базалык бөлүгүнүн жаңы өлчөмү белгиленди.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170 сом өлчөмүндө белгиленди.
Ага ылайык, Социалдык фондго пенсияны өз убагында кайра эсептөө жана жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.