Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң транспорттук Ан-225 “Мрия” учагы учуп келди

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң транспорттук Ан-225 “Мрия” учагы учуп келди. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, анын узундугу 84 метрди, бийиктиги 18 метрди түзөт.

 

Ан-225 “Мрия” учагы дүйнөлүк авиация тарыхындагы эң чоң жүк ташуучу аба лайнери. Майды толук куйганда ал 15 миң чакырым уча алат. Кыргызстанга бул аба кемеси үчүнчү ирет келип жатат.

 

Буга чейин ал “Манаска” 2013-жана 2018-жылдары конгон. Эң ири учак бул ирет техникалык конуу жасаганы айтылат.