Кыргызстанда коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, чек арадагы бардык өткөрүү бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Вирус көп катталган мамлекеттерден келген жарандар 2 жумалык карантинге алынып жатат. Учурда обсервацияда 298 адам бар. Бийлик жалпысынан, өлкө аймагында абал туруктуу экенин белгилеп, чагымчыл жана чындыкка дал келбей турган маалыматтарды жайылтуудан баш тартууга чакырат.