Барынан кымбат азык-түлүк республика боюнча Ысык-Көл облусунда катталды

Барынан кымбат азык-түлүк республика боюнча Ысык-Көл облусунда катталды.

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти. Кеп, үстүбүздөгү

жылдын январынан мартына чейинки баалар тууралуу болуп жатат. Алсак, өлкө

боюнча барынан көп кумшекер 19 пайызга, картөшкө, жумуртка жана жашылчалар

14 пайызга, өсүмдүк майы 9,5 пайызга жана эт, нан, жемиштер 2,5 пайызга кымбаттады.

Баалардын жогорулашы өлкө боюнча 3,2 пайызды түзсө,

көрсөткүч Ысык-Көл облусунда 7,5 пайызга туура келет.