Кыргызстанда бензинге болгон баалар Евразия экономикалык союзунун өлкөлөрү жана
борбордук Азия аймагындагы коңшу өлкөлөр арасында арзан. Бул тууралуу республиканын
мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. Алсак, биздин өлкөдө 92-үлгүдөгү
бензиндин литри орточо эсеп менен 56 центти түзөт. Тажикстанда бизге салыштырмалуу
92-бензин 77 центке барабар, Арменияда – 72, Өзбекстанда – 69, Белоруста – 68,
Россияда – 59, Казакстанда – 43. Казакстандагы күйүүчү майдын арзандыгы мамлекеттин
социалдык саясаты менен түшүндүрүлөт. Тагыраагы, мунайды кайра иштетүүчү
тармак чыгашаларды чет өлкөгө сатылып жаткан товардын эсебинен жабат.