Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлөт.

 

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

 

Белгилеп кетүүчү нерсе, көбөйтүлгөн сумма ар бир адамдын пенсиясынын көлөмүнө барабар болот. Базалык жана камсыздандыруу бөлүктүн индексациясынын жыйынтыгы менен пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 248 сомго барабар болот. Ошондо жогорулатуу 8 пайыз же 455 сомду түзөт.