Кыргызстанда республиканын мурдагы жарандарынан “Мекен-карт” алууга документтер кабыл алынууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен эскертишти.
“Мекен-карт” жаранга Кыргызстанда уруксат берүүчү кагазы жок эле ишке орношууга, билим берүү жана медицинага мүмкүнчүлүк алууга, ошондой эле өлкө аймагына эркин кирүүгө шарт түзүп берет.
“Мекен-картты” алуу үчүн республиканын мурдагы жараны калкты тейлөө борборуна кайрылып, мамлекеттик алым төгүшү керек. Арыздарды кароо мөөнөтү – кдимки тартипте 3 ай, ал эми жеңилдетилген шарт менен – 1,5 айды түзөт.