Референдумга бюллетендерди басып чыгаруу марттын экинчи жарымында башталат

Референдумга бюллетендерди басып чыгаруу марттын экинчи жарымында башталат. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, документтер аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 10 күн калганда жеткирилет. Бюллетенде бир гана суроо берилет – Негизги мыйзамдын редакциясына өзгөртүү киргизүүнү колдойсузбу/жокпу.

 

Эске салсак, референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бир күндө өтөт.