Кыргызстанда соода аянттарынын ээлеринин көбү кризис учурунда ижара акысын алуудан баш тартууда

Кыргызстанда соода аянттарынын ээлеринин көбү кризис учурунда ижара акысын алуудан баш тартууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын отурумунда жарыялады.

 

Өкмөт башчы коммерциялык кыймылсыз мүлктүн башка ээлерин дагы алардан мисал алууга чакырды. Мындай оор кырдаалда кичи жана орто бизнеси колдоо керек.

 

Бул өлкөдө экономикалык активдүүлүккө алып келип, жумуш орундарын сактоого жардам берет, — деди Боронов.