Дүйнөлүк банк Кыргызстандын айылдарына ичүүчү суу түтүктөрүн курууга 100 млн доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк Баткендин 35 айылын жана Ысык-Көл облусунун 3 айылына ичүүчү суу түтүктөрүн курууга жана оңдоого 100 миллион доллар бөлдү.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, мындан тышкары, бул каражат Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир бөлүгүндөгү үч ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоого жумшалат.