Ошто биринчи класстын окуучулары 30-ноябрда мектеп парталарына кайтап келет

Ошто биринчи класстын окуучулары 30-ноябрда мектеп парталарына кайтап келет. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Мындай чечимди жергиликтүү бийлик шаардагы эпидемиологиялык абал жакшыра баштагандыктан кабыл алды.

 

Андан тышкары, жеке бала бакчалар дагы ишин жандантат. Бирок мамлекеттик бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилген жок. Санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери санитардык талаптардын аткарылышын текшерип турат.