Бишкекте коомдук транспорт айдоочуларынын жетишсиздиги байкалдууда

Бишкекте коомдук транспорт айдоочуларынын жетишсиздиги байкалдууда. Айрыкча, маршруттук таксилерге. Шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги Нурлан Атыканов билдиргендей, айдоочулар тапкан акчасына канааттанбайт.

 

Көп айдоочулар иштен кетип калгандыктан, 25 маршруттук каттам жокко чыгарылды. Атыканов белгилегендей, эгер ордо калаада бир нече жыл мурда 2,5 миң кичи автобус каттамдарга чыкса, бүгүнкү күндө алардын саны 1,5 миңден ашпайт.