Быйылкы калкты жана турак-жай фондун каттоодо 5 форма толтурулат

Быйылкы калкты жана турак-жай фондун каттоодо 5 форма толтурулат. Биздин радиого Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, кошумча жаңы суроолор киргизилди. Алсак, бул жолу жарандарга 1 жылдан ашык миграцияда жүргөндөр жана убактылуу каттоого тургандар боюнча дагы суроо берилет.

 

Андан тышкары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу маалымат чогултулат. Эске салсак, Кыргызстанда эл каттоо 23 марттан 1-апрелге чейин өтөт.