Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Тоголок Молдо, Исанов, Киев, Сыдыков көчөлөрүндө, Маданият, Ала-Тоо, Керемет, Ак-Ордо, Ак-Босого конуштарында, Степное, Гроздь, Бирлик, Пригородное, Байтик, Маевка, Романовка, Сокулук айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.