Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп жана бала бакча пайда болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, объектилердин курулушуна капсула
салуу аземи өттү. 3 кабаттуу мектеп Тагай-Бий — Садыр аке көчөлөр
кесилишинде курулат жана ал 750 орунга чакталат. Ал эми бала бакча
эки кабаттуу болуп, 280 бөбөктү өзүнө батырат.
Объекти Каркыра – Садыр Аке кесилишинде тургузулат.