Кыргызстандагы үч шаардык жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 10-апрелде өтөт. Боршайкомдун маалыматына ылайык, үгүт өнөктүгүнө 13 саясий партия катышууда.
Добуш берүү Кара-Балта, Таш-Көмүр жана Токтогулда болот.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси 11-мартка чейин катталат. Ал эми айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 10-мартта аяктайт.