Кыргызстандан Белоруска түз аба жолдору ачылды.
«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей,
Бишкек–Минск–Бишкек багыты боюнча туруктуу аба жолдору
жумасына эки ирет шейшемби жана жума күндөрү жүргүзүлөт.
Учуу убактысы 5 саатты түзөт.