Америкалык ырчы Рианна рамий түрдө миллиардер болду.
Forbes жарыялагандай, ал дүйнодөгү эң бай артист. Учурда анын абалы
1 миллиард 700 миллион долларга бааланат. Сумманын басымдуу
бөлүгүн Рианна 2017-жылы негиздеген косметикалык компаниясынан
түшкөн кирешеден тапты. Басылманын маалыматы боюнча, жылдызга
ошондой эле өндүрүш компаниялардын үлүшү туура келет. Рианна
30 миллиондой акчаны гана ырчылык жана актрисалык өнөрүнөн табат.