Кыргызстанда күйүүчү майдын литринин баасы 60 сомго жетиши мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын литринин баасы 60 сомго жетиши мүмкүн.

Бул тууралуу Мунай ташуучулар союзунун директору Заур Кипкеев билдирет. Анын айтымында,

Кыргызстанда баанын өсүшүнө бир катар факторлор себеп, алсак, Россияда мунай өндүрүштүн

көлөмүнүн азайышы, ички рыноктогу күйүүчү майдын тартыштыгы жана сомдун долларга карата төмөндөшү.

Белгилеп кетсек, учурда орточо эсеп менен АИ-92 бензинин литри 46 сомду түзөт.

Ал эми дизелдик отун 43 сомго барабар.